Turmush — 17-апрелде Ош ОИИБде 2026-жылдын 1-чейрегинин жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кеңешмени башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов жетектеп, орун басарлары, бөлүм жана кызмат жетекчилери жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты. Күн тартибинде 5 маселе каралды. Анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктарды, балдарга карата жана балдар тарабынан жасалган кылмыштарды болтурбоо жана алардын алдын алууга багытталган иш аракеттер, элдин нааразычылыгын жараткан мүлк (уурулук, батир уурулугу, чөнтөк уурулугу, мал уурулугу, алдамчылык жана интернет желесин колдонуу менен жасалган алдамчылык) менен байланышкан кылмыштардын бетин ачуу менен жарандарга келтирилген материалдык чыгымдарды кайтарууда жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш чаралардын абалы жөнүндө маселелер кызуу талкууланды.
Жогорудагы маселелер боюнча тиешелүү жетекчилер баяндама жасашып, кемчиликтер жана жетишкендиктер белгиленди. Башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов жетекчилерге белгиленген кемчиликтерди тез арада жоюу менен аймактардагы таяныч пункттардын ишмердигин жакшыртуу, катталган кылмыштардын бетин ачуу, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жана балдарга карата жасалган кылмуштуулуктун алдын алуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.