Turmush — Түп районуна караштуу Талды-Суу айылынын тургуну Айкерим Элебесова үй-бүлөсү менен кулпунай өстүрүүдө. Бул жылы алгачкы түшүмүн күтүп жаткандарын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.
Айкерим Элебесова бул мезгилге чейин да айыл чарбасы менен алектенип келген. Ал эми кулпунай өстүрүүнү жолдошу демилгелеген.
«1988-жылы Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жарык дүйнөгө келгем. Өмүрлүк жолдошум менен 2011-жылы үй-бүлө куруп, Талды-Суу айылына бүлө болуп келдим. Үй-бүлөдө 2 уул, 3 кыздуу болуп, учурда мектепте билим алып жатышат.
Жолдошум экөөбүз тең балдарыбыздын келечеги үчүн татыктуу тарбия, билим берүүгө бел байлап, кулпунай өстүрүүнү колго алдык. 2025-жылга чейин айыл чарбасы менен алектенчүбүз. 2 жылдан бери жер иштетип, киреше табуу максатында 10 сотых жерге 10 миң даана көчөт отургузуп, иш баштадык. Жолдошум демилге киргизип, бул жылы биринчи түшүмдү күтүп жатабыз», - деди ал.
Айкерим Элебесованын үй-бүлөсү мамлекеттен жөлөк пул алып келген. Андан баш тартып, «Социалдык келишимдин» негизинде 150 миң сом кайтарымсыз акча берилген. Кулпунайдын 1 килограммы 350 сомдон жогору бааланса, эмгек акталарын кошумчалады.
«Балдарга жөлөк пул алып келсек, май айынан кеч күзгө чейин жер иштетип, киреше таба баштайбыз. Бул мезгилге чейин деле кулпунай өстүрүүнү көздөгөнбүз, бирок көчөт сатып алууга каражат жетпей, ишке ашкан эмес. Сертификат алган соң жолдошум атайын кыска мөөнөттүк окуудан өтүп, кулпунай өстүрүүнүн сырларын үйрөндүк. Негизгиси бул багбанчылык өтө кылдат эмгекти талап кылат экен. Себеби былтыркы күз айларынан бери кам көрүп келе жатабыз. Сугат суу үчүн атайын 9-3,5 метр аянтка 1,5 метр тереңдике бассейн курдук. Ал аркылуу көчөттөр тамчылатып сугарылат. Ал эми түшүмдү мол алуу үчүн жер семирткич катары биогумыс колдонуп келе жатабыз.
Май айы аяктап, түшүм ала баштасак, килограммын 350 сомдон сатабыз деген ойдобуз. Айылга атайын түшүм алуучу пункт ачылган, саткан жагынан алармандар алып кетишет. Кулпунай өстүрүүнү колго алуу биздин үй-бүлө үчүн чоң демилге болду. Себеби келечекте айдоо аянтты дагы кеңейтип, туруктуу кирешеге айлантуу максатыбыз бар», - деди каарманыбыз.
Социалдык келишим — бул Кыргызстандагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жашоо шартын жакшыртуу жана жеке бизнесин баштоо үчүн берилүүчү мамлекеттик кайтарымсыз жардам программасы.
Буга чейин каржылоонун суммасы 100 000 сом. 2025-жылдан баштап 150 000 сомго чейин көбөйтүлгөн. Негизинен «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган, бизнес-идеясы бар жана аны ишке ашырууга даяр үй-бүлөлөргө берилет.