Turmush — Какеева Зарина Майрамбаевна Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка ылайык, ал 2026-жылдын 15-апрелинен тарта кызматка киришти. Жаңы жетекчи кечээ, 16-апрелде эмгек жамаатына тааныштырылды.
Маалыматка ылайык, дайындоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадрлар резервин түзүү тартибине ылайык ишке ашырылган.
Зарина Какеева инженер-менеджер жана бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит багыттары боюнча билим алган. Кыймылсыз мүлктү экспертиза кылуу жана башкаруу адистиги боюнча жогорку билимге ээ. Ал И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2005-жылы — «Кыргызгидроспецстрой» ишканасында техник;
- 2012–2017-жылдары — КМТУда ар кандай кызматтарды аркалаган: кабыл алуу бөлүмүндө канцелярия башчысы, курулуш кафедрасында лаборант жана окутуучу-стажёр болуп иштеген;
- 2017-жылы — Кара-Көл почта бөлүмүндө бөлүм башчы, №4 Т.Түлөбердиев атындагы орто мектепте катчы;
- 2019–2024-жылдары — Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүндө жетектөөчү адис;
- 2020–2021-жылдары — «Энергетик» шаардык маданият үйүндө маданий-массалык иш-чараларды уюштуруучу;
- 2024-жылдан бери Кара-Көл шаарынын мэриясында борбордук аппаратта башкы бухгалтер болуп эмгектенип келген.