Turmush — Административдик-аймактык реформа улантылат. Бул тууралуу кечээ, 15-апрелде президент Садыр Жапаров Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Жергиликтүү тургундардын бири административдик-аймактык реформанын алкагында Он-Эки-Бел айыл аймагы Көк-Жар жана Төөлөс айыл аймагына бөлүнгөнүн билдирди.
«Биз стадион болуп калдык. Төөлөскө барсак, Көк-Жарга бар дейт. Көк-Жарга барсак, Төөлөскө бар дейт. Он-Эки-Бел айыл өкмөтүн кайра ордуна койгонго шарт барбы же жокпу? Он-Эки-Бел айыл өкмөтү жакшы иштеп, республикада биринчи болгон. Азыр 6 айыл бар. Азыр экиге бөлүп таштады, жаштар кыйналып жатат», - деп сурады тургун.
Садыр Жапаров аталган айыл аймак экиге бөлүнбөгөнүн, тескерисинче эки айыл өкмөт биригип, бир айыл өкмөт болгонун билдирди.
«Мурда 465 айыл өкмөтү болсо, бүгүнкү күндө 231 айыл өкмөт болду. Жарымын, 50% кыскарттык биз. Ушуну менен миллиарддаган сомдорду үнөмдөдүк. Мурда эки айыл биригип туруп, бир айыл өкмөтү болуп алган айылдар бар болчу. Эки айыл биригип туруп эле, бир айыл өкмөтү болуп, аппараты бар, машинасы бар, бензинин бериш керек, эмгек аксын бериш керек, кыштын күнү отун жылытыш керек эле. Ошонун бардыгы эконом болду. Эмне үчүн дегенде, заман талабы ошондой. Мурда, мисалы, күндө айыл өкмөткө базар сайын барып, справка [маалымат кат] алып, жылкы сатам, уй сатам, кой сатам десеңер, же болбосо семейный справка [үй-бүлө тууралуу маалым кат] керек десеңер, күндө айыл өкмөткө барчусыңар. Азыр андай жок, туурабы? Мындай жок болуп баратат. Андайды сурабайт, барып-барып, дагы 5-10 жылдан кийин кагаз ишинен дагы кетебиз. Бүгүнкү күндө бир жылдан бери, жарым жылдан бери баштадык. Үй сатсаңар дагы, машина сатсаңар да, сатып алсаңар да, үйүңөрдө отуруп алып, интернеттен "оформитетип" [каттоо] коёсуңар. Мурункудай ЦОНдорго [калкты тейлөө борбору] барбайсыңар. Азыр кары-картаң кишилер, компьютерди түшүнбөгөн кишилер эле барбаса, 50гө чейинки жаштардын бардыгы үйүндө отуруп алып жасайт. Мурда машина сатып алсаң, же үй сатып алсаң, барып нотариуска барчусуң. Андан алып алып, анан "Кадастрга" барчусуң, анан "переоформировать" [кайра каттоо] этип, очередде [кезек] жүрчүсүң эки-үч күн. Туурабы, туура эмеспи?
Ошон үчүн айыл өкмөтүбүз биздин айылдан алыс болуп калды, антип калды, минтип калды деп арызданбайлы. Андан көрө ушуга макул болуңуздар. Бул реформанын биринчи этабы, экинчи этабы бар дагы, эки-үч жылдан кийин жасайбыз.
Бизде азыр 44 район, 33 шаар Ноокат мене Гүлчөнү кошкондо. Облустар, райондор жоюлуп, бир жыйырмадай округдун тегерегинде калат да. Ошондо мындайча айтканда, бир 20 облус деп айтып койсок болот. Ошондо ошого барабыз. Бирок эми азыр алдыда бир эки-үч жыл убакыт бар, үч-төрт жыл.
Биринчи бир округду түзүп, анан пилотный кылып туруп көрөбүз. Бир эки жыл, үч жыл кандай болот, өзүн-өзү кантип башкарат, дотациядан чыгабы республикалык же жокбу деп туруп, анан эгерде удачно [ийгиликтүү] болуп кетсе, анда облустар менен райондорду жоюп туруп округга бөлүп коёбуз. Айыл өкмөттөрдү бириктиргенибиз — реформанын биринчи этабы. Жакшы эле болду, сонун эле болду. Анча-мынча айыл өкмөттөр эле нааразы болуп жатасыңар», - деди Жапаров.