Turmush — Ош шаарындагы борбордук базарда соода кылгандар үчүн ижара акысынын көлөмүн 50 пайызга төмөндөтүү сунушу көтөрүлдү. Бул тууралуу шаар бийлиги соодагерлердин кайрылууларынан кийин билдирди.
Маалым болгондой, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү сунушту шаардык кеңештин кароосуна киргизүүнү пландап жатат.
Ош шаардык мэриясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Максат Орозалиев Turmush басылмасына берген комментарийинде шаардык кеңештин 2023-жылдын 30-майындагы №134 токтомуна ылайык, «Борбордук базар дирекциясынан» соода орундарын ижарага алуу баасы бир чарчы метр үчүн күнүнө 20 сом болуп бекитилгенин билдирди.
Анын айтымында, жаңы базар 2025-жылы көчүрүлгөнүнө байланыштуу алгачкы мезгилде соодагерлерге жеңилдик берилип, төлөмдөр алынган эмес. Ал эми буга чейин иштеп келген «Ош базары», «Берекет» жана «Жибек жолу» базарларында ижара төлөмдөрү 1-апрелден тарта жандандырылган.
«Соодагерлердин кайрылуусунан кийин мэр базарга барып, алардын маселесин жеринен укту. Натыйжада ижара акысын 50 пайызга төмөндөтүп, бир чарчы метрине күнүнө 10 сом кылуу сунушу шаардык кеңештин кароосуна киргизилди», - деди Орозалиев.
Ошондой эле ал «Келечек» базарына жаңы көчүп келген соодагерлерден азырынча ижара акысы алынбай жатканын кошумчалады.
----------------------------------------------------------------
2025-жылдын 23-майында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарынын борбордук жаңы базарын көрүп чыккан.
Анда жаңы борбордук базардын жанына дагы базарлар курулуп жатканы, ал жерге «Келечек», «Бексултан» базарлары көчүрүлөрү айтылган.
Аталган жаңы базардын курулушу 2024-жылдын сентябрь айында башталган. 6,7 гектар аймакка курулган базар 2400 оорундуу болуп, анда 2100 адам жумуш менен камсыз болот. Базарга ички инвесторлор тарабынан жалпы 550 млн сом акча сарпталды.
---------------------------------------------------------
2024-жылы 14-июлда Ош шаарында катуу сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды каптаган. Ошондой эле Ак-Буура дарыясында жайгашкан көпүрөлөрдү сел алып кеткен.
---------------------------------------------------------------
Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2024-жылдын 24-июлунда Ош шаарынын Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды башка жерге көчүрүү боюнча токтом кабыл алышкан.
Токтомдо белгиленгендей, Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды шаардын башка аймагына көчүрүү жана андан ары ал жерге соода-сатык дүкөндөрүн (контейнерлер, майда камоктор, сандыкчалар жана башкаларды) коюуга тыюу салынат. Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базардын ордуна аллея (тротуарлары жана веложолдору менен) Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларындагы нормаларга ылайык курулат.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала такталган маалыматтар боюнча, Ош шаарында жайгашкан муниципалдык жана жеке менчик базарларда, коммерциялык объекттерде жалпы 1480 субъект (анын ичинен контейнерлер, тамактануучу жайлар, дарыкана, сандык жана арабада соода кылгандар) эсепке алынып, болжол менен 387 млн 988 миң 200 сомдук зыянга учураган.
Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык борбордук базары башка жайга жылып жаткандыгына байланыштуу жаңы базарды куруу үчүн республикалык бюджеттен 3 жылдык мөөнөткө бюджеттик ссуда алууга макулдук берүү жөнүндөгү катынын негизинде Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №12 чечими эске алынып, токтом кабыл алынган.
Ош шаарында борбордук муниципалдык базарды куруу үчүн республикалык бюджеттен 3 жылдык мөөнөткө 543,6 млн сом бюджеттик ссуда алууга макулдук берилген.