Turmush —
Бүгүн, 15-апрелде Москва районуна караштуу Александровка айылында балдар аянтчасы ачылды. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдирди.
«Айыл өкмөтүнүн адистеринин, жергиликтүү тургундардын жана 150дөн ашуун балдардын катышуусунда балдар аянтасы ачылды. Ал жергиликтүү бюджеттен каржыланып, балдардын көңүлдүү эс алуусу үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү», - деп айтылат маалыматта.
Жакын арада Садовой, Заря жана Крупская айылдарында жаңы балдар аянтчасынын ачылышы күтүлүүдө.