Turmush — Нарын облусундагы Ак-Сай жана Арпа жайлоолоруна чек арадан өтүү тартиби жеңилдетилди.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Ак-Сай жана Арпа өрөөндөрүнө өтүү үчүн чек ара көзөмөлдөрүн жеңилдетүү боюнча иштер жүргүзүлүп, тиешелүү чечим кабыл алынып жөнөкөйлөштүрүлдү.
Эми чек ара аймагында чарбалык иш (мал жаюу жана айыл чарба жумуштары) жүргүзгөн жарандар:
- уруксат кагазын албайт;
- акы төлөбөйт;
- айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн тизме менен өздүгүн тастыктаган документтин негизинде өтө алышат.
Бул мүмкүнчүлүк ал айыл өкмөтүндө туруктуу жашаган тургундарга гана берилет. Ошондуктан ар бир жаран өзүнүн айыл өкмөтүнө алдын ала тизмеге катталып коюшу зарыл.