Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 14.10.2019 17:14

Сузакта 50 жыл бирге түтүн булаткан жубайлар сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Сузак районунда карыларды урматтоого арналган бир айлыктын алкагында 50 жыл бирге түтүн булаткан жубайлар сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Сузак районунун акими Эрмек Омошев катышып, ага чакырылган 14 жубайга сыйлык тапшырышты.

«Иш-чара райондук администрация жана райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, ага ар бир айыл өкмөттөн 50 жылдан ашык бирге түтүн булаткан жубайлар чакырылды. Учурда жаш үй-бүлөлөр арасында ажырашкандар көп кездешүүдө. Аларга өрнөк болсун деген максатта уюштурдук», - деди райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айнура Асанова.

Сузак районунда 30 миңден ашык пенсия курагындагы улгайган инсандар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×