Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 12.10.2019 11:44

Сүрөт — Сузакта акын Барпы Алыкуловдун 135 жылдыгы белгиленди

Turmush -  Сузак районуна караштуу Барпы айылында улуу акын Барпы Алыкуловдун 135 жылдык мааракеси кызуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач «Айтыш» коомдук фондунун «Төкмө келсе төр бошот» аттуу долбоорунун жаш төкмө акындары акындын Сузак районуна караштуу Ачы айылындагы үйүнө барышып, анда Барпы акындын ырлары ырдалды. Төкмө акындар андан кийин Барпы айылында жайгашкан музей менен да таанышып чыгышты.

Көрөгөчтүгүн айтып, түгөтө албаган акынга арналган расмий иш-чара Барпы айылынын борбордук стадионунда белгиленип, боз үйлөр тигилди. Бул саамалыкка келген элди өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, райондун акиминин биринчи орун басары Төрөгелди Түркбаев жана кинорежиссер Рысбек Жабиров куттукташты. Өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Барпы Алыкулов кыргыз элинин залкар инсандарынын бири экенин белгилеп, таалим-тарбиялык мааниси зор ырларды жаратканын айтты.

Акындын туулуп өскөн Барпы өрөөнү бул күнү майрамдык шаңга толуп турду. Ыр жана күүлөр жаңырып, акындын сөзүнөн жазылган ырлар аткарылды. Ал эми спорт сүйүүчүлөр үчүн алыш күрөш боюнча Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келген кыз-келиндер жана эркектер арасында таймаш уюштурулду. Кечинде Барпы драм театрында акынды эскерүүгө арналган төкмө акындардын айтышы болду.

Барпы акындын 135 жылдыгын өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү менен Сузак райондук мамлекеттик администрациясы жана ушул эле райондун Барпы айыл өкмөтү уюштурган.

Кинорежиссер Р.Жабировдун айтымында, бул иш-чараларды уюштуруп, өткөрүүгө Бишкекте уюшулган «Сузак биримдиги» коомдук уюмунун мүчөлөрү эл артист Элмирбек Иманалиев башчылык кылган «Төкмө келсе төр бошот» долбоорунун мүчөлөрүнүн келүүсүнө 135 миң сом жумшап, Барпы акындын 135 жылдык мааракесин өткөрүүгө 500 миң сом салым кошушту.

Төкмө акындарга жана иш-чараны өткөрүүгө салым кошкондорго «Сузак биримдиги» коомдук уюмунун медалдары жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары тапшырылды. Маараке төкмө акындардын тамашалуу жана кызыктуу ырлары менен коштолду. Алар Барпы акындын эстен чыккыс жана терең мазмундуу сүйүү, ашыктык ырларын аткарышты.

Тирүү кезинде Барпы Алыкулов кыргыздын көрүнүктүү, өзүнөн улуу болгон Токтогул, Жеңижок менен айтышкандарын искусство изилдөөчүлөр жазып жүрүшөт. Анын ыр-өлөңдөрүн Барпы айылында туулуп-өскөн таланттуу ырчылар, «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээлери болгон Чырмаш Кочкорбаев жана Т.Тыныбеков атындагы облустук филармониянын артисти Абдыкайым Ашымбаев аткарып жүрүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×