Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 09.10.2019 23:31 На русском

Куудул Тынар Курбаналиев ооруканага түштү. Сүрөт

Turmush -  Куудул Тынар Курбаналиев башынан жаракат алып, ооруканага түштү. Бул маалыматты куудул өзү аймактык кабарчыга тастыктады.

Окуя кечээ, 8-октябрь күнү болгон. Өзүнүн айтымында, ал аламан улак тартышка катышып, жаракат алган.

«Кокустан аттын башы менин башыма тийип, кашымды жарып кетти. Азыр Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыланып жатам. Жарылган кашымды тиктирдим. Абалым жакшы. Эртең, 10-октябрда буюрса ооруканадан чыгам», - деди Тынар Курбаналиев.

Маалым болгондой, куудул Сузак районунда болчу. Ал облустук оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ага баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган.

Ошондой эле куудул жол кырсыгына кабылгандыгы айтылууда.

Өздүк булактар кабарлашкандай, Жалал-Абад шаарынын «Ай-Тамга» кафесине жакын жерде досу экөө бара жаткан «Матиз» унаасы ушундай үлгүдөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктан улам эки унаанын тең эшиги жабылып калып, аны окуяга күбө болгондор ачышкан жана тез жардам кызматына кабар беришкен.

Окуя орун алган жерге ЖКККБнын кызматкерлери да келишкен.

«Эки тарап бири-бирин күнөөлөгөндөн улам ЖКККБнын кызматкерлери чакырылды», - деп билдирди окуяга күбө болгондордун бири.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×