Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 23.09.2019 10:29 На русском

Унаанын тамтыгы чыгып калган: Сузактагы кырсыктан эки айылдаш мерт кетти

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жол кырсыктан эки адам каза болду.

Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, жол кырсык 22-сентябрда Жийде—Бек-Абад унаа жолунун 8-чакырымында катталган. Сузак айылынын 1996-жылы туулган тургуну А.А. өзүнүн «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаасы менен Бек-Абад айылын көздөй бара жаткан. Ал рулга ээ боло албай, унаа жолдун жээгинде жайгашкан үйдүн алдындагы даракты сүзүп токтогон.

«Кырсыктын кесепетинен Сузак айылынын тургундары — А.А. (айдоочу) жана 1997-жылы туулган А.У. (жүргүнчү) каза болгон. Экөөнүн тең туугандары соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн жана бул факт боюнча арыз жазуудан баш тартышты», - деп билдиришти аталган бөлүмдөн.

Буга чейин күбөлөр «Репортерго» Сузак районундагы жол кырсыктан эки адам каза болгонун билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×