Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 14.08.2019 16:19

Сүрөт — Сузакта ӨКМдин аскердик кызматкерлерине 24 батирлүү үй берилди

Turmush -  Бүгүн, 14-августта Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Мундуз айылында ӨКМдин аскер кызматкерлери үчүн 24 батирлүү 4 кабаттуу үй пайдаланууга берилди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, ачылыш аземге министр Нурболот Мирзахмедов, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, ӨКМдин кызматкерлери, алардын жакындары катышты.

Анда министр Нурболот Мирзахмедов ӨКМдин кызматкерлерине батирдин ачкычтарын тапшырып: «Заманбап шартта курулган бул үй силерге көрсөтүлгөн камкордук деп эсептейм. Бул колдоолор силерге дем-күч берип, ишиңерге стимул болот деп ишенем. Быйыл өзгөчө кырдаалдар азайды. Ага биздин кызматкерлердин алдын алуу иштерин жүргүзгөнү таасирин берди», - деди.

Маалым болгондой, көп кабаттуу үйдү куруу үчүн мамлекет тарабынан 50 миллион сомго тендер жарыяланып, 43 миллион сомду ӨКМдин алдындагы капиталдык курулуш ишканасы утуп алган. Көп кабаттуу үйдүн бир бөлмөлүү 8, 2 бөлмөлүү 8, 3 бөлмөлүү 8 батири бар. Батирлүү болгондор эгер өзгөчө кырдаалдар тармагында 20 жыл үзүрлүү эмгектенсе гана үй менчигине өтөт. Батирлерди бөлүштүрүүдө көп балалуулар, үйү жок кызматкерлер эске алынган. Алардын арасында прапорщик, сержант, лейтенант, полковникке чейинки кызматкерлер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×