Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 13.08.2019 19:00 На русском

Сузакта жалгыз жашаган мугалим аялды зомбулук менен өлтүргөн киши 15 жылга кесилди

Turmush -  Сузак райондук соту мугалимдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш иштин материалдарын карап чыгып, чечим чыгарды. Соттук отурум жабык режимде өткөрүлгөн.

Айыпталуучу — Сузак районунун Ленин айыл өкмөтүнүн 1965-жылы туулган тургуну Рашид [Б.Р., аты өзгөртүлдү] үй-бүлөлүү, билими жок, эч жерде иштебейт, буга чейин соттолгон эмес.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (зордуктоо, өлтүрөм деп же саламаттыкка оор залал келтирем деп коркутуу менен коштолгондо, ошондой эле жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө ырайымсыздык), 137-беренесинин 2-бөлүмү (турак жайдын кол тийгистигин бузуу) жана 97-берененин 2-бөлүмү (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. 2018-жылдын 1-февралынан тарта Рашид камакта.

Райондук сот иштин материалын карап чыгып, айыпталуучуну күнөөлүү деп тапты. Ал 15 жылга эркинен ажыратылды. Тараптар Жалал-Абад облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрыла алат.

Окуя тууралуу:

Сузак районуна караштуу Ленин айыл аймагынын Гавриловка айылында жайгашкан Сатыбалды Жээнбеков атындагы мектептин мугалими Б.А. өзүнүн үйүндө 2018-жылдын 27-январында киши колдуу болуп каза болгон.

Элеттиктердин ырастоолорунда, каза болгон мугалим 1996-жылдан бери С.Жээнбеков атындагы орто мектепте балдарга билим берип келген. Анын эки уулу тең Россияда иштеп, өзү үйүндө жалгыз жашачу. Бирок ошол эле айылда бир туугандары, ата-энеси болгондуктан кээде алардын үйүнө барып түнөсө, кээде жакындары анын үйүнө келип турушчу. 27-январь күнү кечинде андан кабар алганы барган жакындары жансыз денесин табышкан.

Кийинчерээк Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы 28-январь күнү Сузак районунда 1966-жылы туулган Б.А.нын (аял киши) зомбулук менен өлтүрүлгөн денеси өз үйүндө табылганын билдиришкен.

Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө ыкчам топ жана тергөөчүлөр окуя болгон жерден кийимдин бөлүгүн табышкан. Ал эркек кишиге таандык экени аныкталган. Ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери шектүү катары аталган райондун 1965-жылы туулган тургуну Б.Р.ны кармашты. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү мас абалда маркумдун үйүнө барып, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Анын кесепетинен шектүү үй ээсин ур-токмокко алып, денесине зыян келтирген. Үй ээси алган жаркатынан улам көп узабай каза болгон.

Оор кылмыш боюнча топтолгон материалдардын негизинде Сузак РИИБ КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×