Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 01.08.2019 10:21

Сузактын Багыш айылынын тургундары 7,5 млн сомго спорт зал курушту

Turmush -  Сузак районунун Багыш айылынын тургундары спорт зал курушту. Бул тууралуу пресс-тур учурунда маалымдалды.

Жергиликтүү жаштардын бирикмесинин өкүлү Али Таштанов билдиргендей, өткөн жылы айылдын тургундары 7,5 млн сомго спорт зал куруу демилгесин көтөрүшкөн.

«Быйыл биз оргума жана бассейн курдук, анын орточо баасы 2 млн 200 миң сомду түздү. Маркум Мирлан Бакиев 2009-жылы аймактын инфраструктурасын жакшыртуу демилгеси менен чыккан. Жергиликтүү тургун Марат Жолборсов анын ишин улантып, 12 метр көпүрө курду. Эми 300 балага эсептелген төрт кабаттуу медресе курууну пландап жатабыз. Курулуш үчүн 40 сотых жер бөлүндү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×