Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 31.07.2019 14:38

Видео — Сузакта чөп жүктөп бара жаткан «КамАЗ» өрттөнүп кетти

Turmush -  Сузак районунун Курманбек айыл аймагынын Жоон-Күнгөй айылында чөп жүктөп бара жаткан «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кетти. Бул маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облустук бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, кырсык июль айынын ортосунда катталган.

«Унаа Жоон-Күнгөй айылынын С.М. аттуу тургунуна таандык болгон. Ага 324 таңгак чөп жүктөп бара жатканда жолдон электр зымдарына тийип, кыска чыңалуудан улам өрт чыккан. Анын кесепетинен унаа жүктөлгөн чөбү менен кошо күйүп кетти. Өрт тууралуу саат 17:06 чамасында кабар келип түшүп, өрт өчүрүүгө ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнүн №59 өрткө каршы-куткаруу бөлүмү тартылган», - деп билдиришти мекемеден.

Жалал-Абад облусунун аймагында жыл башынан бери өрттөн 6 автоунаа жабыркап, 3 унаа сакталып калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×