Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 27.07.2019 11:03 На русском

Түндөгү окуя: Сузактын тургуну кызганычтан улам жубайын бычактады

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Сузак районуна караштуу Ладан-Кара айылында 31 жаштагы эркек киши кызганычтан улам жубайын бычактап өлтүргөн. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Сузак районунун 1988-жылы туулган тургуну Б.Н. өз үйүндө 1989-жылы туулган жубайы О.Н.ны сабап, аны ашкана бычагы менен сайып жиберген. Жубайы алган жаракатынан улам каза болгон. Аталган окуя боюнча маалымат 25-июль күнү эртең мененки саат 6:20да келип түшкөн.

«Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголду. Ал эми шектүү 2 айга убактылуу кармоочу жайга камалды», - деп айтылат Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Жергиликтүү тургундар жубайлардын чыры кызганычтан улам чыгып, жолдошу жубайын түндө токмоктоп, анын аягы өлүм менен коштолгонун айтышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×