Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 26.07.2019 16:24

Сузакта бир күндөгү 3 өрт кырсыгынан эгин талаалары, үйлөр зыян тартты

Turmush -  Cузак районунда бир күндө 3 өрт кырсыгы катталды, деп билдирет аймактык кабарчы. Өрттүн кесепетинен эгин талааларына жана турак үйлөргө зыян келген.

«25-июлда түштөн кийин Сузак районуна караштуу Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагында 63 сотых аянттагы буудай жана 1,5 гектардагы куураган чөп өрттөндү. Өрттү өчүрүүгө 30дай жергиликтүү тургун, 12 өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери тартылган. Өрттүн себептери жана келтирилген чыгымдар эсептелип жатат.

Мындан сырткары Сузак айыл өкмөтүнүн Камыш-Башы айылында турак үйдүн чатыры өрттөндү. Өрт электр зымдарынан чыккандыгы белгилүү болду. Ал эми Көк-Жаңгак шаарынын 10-кварталында 10 сотых аянттагы таштанды таштоочу жайдан өрт чыгып, аны да өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери толугу менен өчүрүштү», - деди ӨКМдин Сузак районундагы бөлүмүнүн башчысы Алманбет Карабеков.

23-июль күнү Сузак районунда Өзбекстан менен Кыргызстандын чектешкен аймагында 3 гектар куураган чөп өрттөнгөнү кабарланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×