Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 09.07.2019 12:56 На русском

Сузакта 11 жаштагы баланы өз үйүндө бычактап өлтүрүп, кат жазып кетишкен

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Сузак районунда 11 жаштагы баланын денеси өз үйүндө бычакталган абалда табылды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалым болгондой, кылмышка шектүү катары маркумдун бир тууган эжеси дагы сурак берүүдө.

«Кечээ, 8-июль күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сузактын Каңды айылында окуучу баланын бычакталган денеси табылгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Ыкчам топ окуя болгон дарекке барганда бөлмөдөн мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 5-класстын окуучусунун денеси табылган. Ошол эле үйдүн башка бөлмөсүнөн "Мен сенден балаң аркылуу өчүмдү алдым" деген кат, короонун ичиндеги дааратканадан аялдын жана эркек кишинин кан болгон кийимдери, бычак табылган.

Топтолгон материалдардын негизинде аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киши өлтүрүү кылмышы болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жана тергөө амалдары жүрүп жатат. Азыркы тапта кошуналары жана маркумдун бир тууган эжеси сурак берүүдө», - деди ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы Нурдин Жээнтаев.

Бул окуяны Каңды айылынын башчысы Нурбек Камчыбеков дагы тастыктап, маркум бүгүн саат 11:00 чамасында жерге берилгенин кошумчалады.

«Бул үй-бүлө айылдагы үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн. Үй-бүлө башчысы таксист болуп эмгектенчү, ал эми апасы айылдагы бала бакчада тарбиячы болуп иштейт. Окуя болгон учурда ата-энеси жумушта болгон.

Каза болгон Т.А. 13 жаштагы бир тууган эжеси менен үйдө жалгыз калган. Маркум үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү болчу. Эки агасы Бишкектеги жогорку окуу жайда билим алышат. Азыр 13 жаштагы кыз милицияда сурак берип жатат. Аны психикалык жактан жабыркаганы боюнча ооруканадан текшерип жатышат. Жыйынтыгы чыга элек», - деди Н.Камчыбеков.

Кийинчерээк Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бул окуяга байланыштуу жаңы жагдайларды билдирди.

Маркумдун бир тууганы — 14 жаштагы кыздын көрсөтмөсү: «Ойгонгондон кийин (ата-энеси жумушка кеткен) иним экөөбүз дарбыз талашып урушуп кеттик. Ошондо иним аш бычак менен өзүн өлтүрөм деп коркуткан. Түштөн кийин иним сууга түшүп келейин деп уруксат сурап кеткен. Ошол бойдон болжол менен саат 16:00 чамасында үйгө келди.

Биз мурун бири-бирибизди скотчтоп ойночубуз. Мурункусунда мени скотч менен байлаган болчу. Ошондуктан үйдүн чоң бөлмөсүндөгү кызыл столго инимдин колу-бутун скотч менен байладым. Ошол учурда иним мага сүйлөп, жиниме тийди. Атам мал сойгон бычакты алып, инимди бычактап салдым. Бирок кантип, канча жолу бычактаганымды билбейм.

Бычакты, жаңы футболканы, кийимдеримди үйдөгү дааратканага ыргытып жибердим. Эч ким билбей калсын дегем. Андан кийин кошуна Айнура деген эжеге барып, инимдин өлүп калганын айттым. Бирок ага мен кылганымды айткан жокмун».

Сурактан кийин К.А. балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине тил каттын негизинде өткөрүлүп берилди. Учурда соттук-медициналык жана соттук-психиатриалык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×