Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 22.06.2019 17:25 На русском

Сузактагы үйгө чагылган түшүп, картошка туурап жаткан кызды ток урду. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 22-июнда Сузак районуна караштуу Кызыл-Байрак айылындагы үйгө чагылган түштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына облустук жетекчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, чагылган үйдүн чатырындагы антеннага тийген. Анын кесепетинен үй ичиндеги сыналгы күйүп, бычак менен картошка туурап жаткан 8-класстагы Н.А. аттуу кызды ток урган. Кыз олуттуу жаракат албагандыктан ооруканага барган жок.

Бүгүн, 22-июнда эртең менен саат 8:00 чамасында Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын Көкчө-Көз айылындагы үйгө чагылган түшүп, 6 адам ооруканага жаткырылганы кабарланган.

Маалыматка караганда, чагылган түшкөн үй М.И.нин үйү болгон. Кырсыктын кесепетинен үй ээси өзү, апасы, келинчеги, 4 айлык кызы, 2 жээни, акесинин баласы ар кандай жаракаттарды алышкан. Өзүнөн башкалары Базар-Коргон аймактык ооруканасына жеткирилди. Чагылган алар эртең менен тамактанып жаткан учурда үйдүн электр эсептегичине түшкөн. Мындан улам үйдүн короосундагы дубал, үйдүн чатыры талкаланып кеткен.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов чагылган түшкөн үйлөрдүн ээлеринен кабар алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×