Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Ош облусу, Ош 21.05.2019 17:24 На русском

«Бомбанын бөлүктөрү жүрөгүнөн кирип, башын аралап кеткен»: Жан кечти менен кошо жарылган милиционер (сүрөт)

Маркум Нурланбек Сайдиев
Маркум Нурланбек Сайдиев
// Turmush

Turmush -  2004-жылы өзүн жардырган жан кечтинин кесепетинен милициянын кенже лейтенанты Нурланбек Сайдыев 26 жашында көз жумган. Маркумдун атасы Жаныш Сайдиев 15 жыл мурун болгон каргашалуу окуяны аймактык кабарчыга айтып берди.

Нурланбек Сайдиев 1978-жылы 11-августта Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында төрөлгөн. 1997-жылы Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек индустриалдык колледжин, 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1997-1999-жылдары аскердик кызматын өтөп, эмгек жолун 1999-жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүндө баштаган. Ошондой эле 2004-жылга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын атайын багыттагы отрядында эмгектенген. Ошол эле жылы отряддын взвод командири болуп дайындалган.

Каргашалуу окуя кызмат учурунда болгон. Атасы Жаныш Сайдиевдин айтымында, маркум оозунан аккан канды чала аарчып, окуя болгон жерден мерт кеткен. Ал жаш кезинен эле спортко кызыгып, эрежесиз эр уруш боюнча бир нече мелдештин жеңүүчүсү да болгон эле. Атасы Нурланбектин эрктүү, күчтүү бала болгонун айтты.

«2004-жылы 20-ноябрь күнү таңга маал бизге суук кабар келди. Укканыбызга ишенбей, өлүк сактоочу жайга барып, жансыз денени көргөндөн кийин гана ишендик. Андай көргүлүктү эч ким көрбөсүн. Балам ошондо 26 жашта болчу. Баткен окуясына катышып, террорчулардын огунан аман кайтып келген. Кесиптешинин айтымында, окуя болгон күнү алар түнкү рейдде чогуу турушкан. Бир “Жигули” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан жана унаанын ичинде 3 адам болгон экен. Алардын бирөөсү милиция кызматкерлерине дароо акча сунуштаган. Нурланбектин кесиптеши тамашалап “акчаны алып эле албайлыбы” десе, балам “жок, буларды милиция бөлүмчөсүнө алып барабыз” деп 3 жигитти унаага салып, милиция бөлүмчөсүнө алып барышкан. Бирок уулумдун кесиптеши унаадан түшкөндө эле кармалган 3 жигит дагы унаадан түшүп, үч жакка качып жөнөшкөн. Балам бирөөсүн кууп жетип, кучактаганда, кармалган жигит өзүн жардырып жибериптир. Баламдын оң буту бир нече жеринен үзүлүп, жарылуучу заттын бөлүктөрү жүрөгүнөн кирип, башын аралап кетиптир. Жанындагы кесиптеши ошол жерден эс-учун жоготуп, бир нече күн ооруканада дарыланган. Баламдын артында бир уулу жана бир кызы калды», - деди Жаныш Сайдиев.

Каргашалуу окуя болгон күнү маркум Н.Сайдиевдин жанында кесиптеши Алтынбек Райымбердиев болгон. Аны менен байланышканыбызда, каргашалуу күндү эскергиси келбегендигин, ал күндү дале унута албай, кыйналып жүргөнүн билдирди.

Ош ОИИБден билдиришкендей, Н.Сайдиев кызматтык милдетин так аткарган, жоопкерчиликтүү кызматкер болгон. Ал жан кечти менен бирге каза болуп, террорчулардын көздөгөн максатын ишке ашырткан жок.

Унаадан качкан 3 террорчунун экөө кармалып, жазасын алышкан. Ал эми Нурланбек Сайдиевдин үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан Ош шаарынан 3 бөлмөлүү үй берилген.

15-май күнү өлкөнүн бардык аймактарында кызмат учурунда курман болгон милиционерлер эскерилди.

Turmush басылмасы Кыргызстан көз карандысыздыгын алгандан бери Ош облусунда кызмат учурунда көз жумган милиционерлердин аты-жөнүн тизмектеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×