Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 12.01.2019 10:02 На русском

Сузакта 11 жаштагы бала ойноп жатып аткан ок инисинин көзүнө тийди

Turmush -  Сузак районунда 11 жаштагы бала тир мылтыгы менен ойноп жатканда инисинин оң көзүнө ок тийди. Бул окуяны милиция кызматкерлери жана дарыгерлер да тастыктады.

Окуя 9-январда болгон. Благовещенка айылында жашаган бир туугандар — 2012-жылы туулган Самат (ысымы өзгөртүлдү) менен 2008-жылы туулган Шабдан (ысымы өзгөртүлдү) Аскар-Ата айылындагы туугандарынын үйүнө барышкан. Бир туугандар таякесинин тир мылтыгы менен ойноп жатышып, улуусу кокустуктан аткан ок инисинин оң көзүнө тийген.

Жабырлануучу алгач Сузак аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Андагы дарыгерлердин айтымында, баланын абалы оор болчу. Дарыгерлер облустук ооруканадан нейрохирургдарды чакыртышып, бейтап облустук ооруканага которулду. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, жабырлануучу башынан катуу жаракат алган (мээ комасы). Учурда абалы оор.

Сүрөт иллюстрациялык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×