Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 03.01.2019 14:14

Жалал-Абадда депутат менен тургун жаңжалдашып, экөө тең ооруканага түштү

Turmush -  Жалал-Абадда шаардык кеңештин депутаты Нурбек Аканов менен жергиликтүү тургундун ортосунда пикир келишпестик орун алып, экөө тең ооруканага түштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеке булактарга таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 30-декабрында Сузак районунун аймагындагы «Мухамед ажы» кафесинин жанында Кара-Дарыя айыл аймагынын тургундары уруша кетишкен. Бул пикир келишпестиктен Ш.Улукбек аттуу тургун жабыркап, облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Анын ич тарабына учтуу, курч буюм сайылганы айтылууда.

Ошондой эле 1987-жылы туулган белгилүү спортчу жана шаардык кеңештин депутаты Н.Акановго дагы учтуу буюм оӊ тѳшүнѳ сайылган. Анын кесепетинен ал дагы облустук ооруканага түшкөн.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБ окуяны тастыктап, бул Сузак РИИБде бейбаштык фактысы катары катталганын билдиришти. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми эки тарап тең бири-бирине арыз жазуудан баш тартышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×