Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 25.12.2018 08:30 Жаңыланды: 25.12.2018 09:18

Сузакта дене табы көтөрүлгөн наристеге жардам көрсөтүүдөн баш тарткан дарыгердин кесиптештери үн катты (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагындагы Благовещенка айылындагы №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда дене табы көтөрүлүп келген баланы кабыл албай койгон дарыгерге байланышкан окуяга эки тараптан тең кеткен катачылык себеп болгон. Муну окуяга күбө болгондор мекемеге барган аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 20-декабрь күнү ушул эле Благовещенка айылынын тургуну 2,5 жаштагы баласын дене табы көтөрүлгөн абалда ооруканага алып келген. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Кызбурак Нуруеванын айтымында, баланын ата-энеси дарыгерди түшүнбөй калышкандыктан ызы-чуу чыккан.

«Апасы балам ооруп жатат деп баланы көтөрүп келди. Биз дароо эле кабыл алып, баланын картасын таап, анын дене табын өлчөгөнүбүздө 38 градус экен. Анан дарыгерге жөнөткөнбүз. Көп убакыт өтпөй эле ызы-чуу болуп калды, барсак тартышып жатышкан экен. Көрсө дарыгер тиш дарылоо бөлүмгө 2 мүнөткө кирип чыгайын деп ошол бөлмөгө кирип, иши боюнча дарыларды сурап чыккыча баланын ата-энеси «биздин баланы карабайсыңбы?» деп ал бөлмөнү ачып кыйкырыштыр.

Дарыгер өзүнүн бөлмөсүнө кирип карай турганын айтып, бөлмөсүнө киргиче баланын апасы коридордо «өлүгүңдү көрөйүн» деп дарыгерди каргап, тилдеп жибериптир. Ал жери видеого түшкөн эмес. Элдин алдында ага карата айткан катуу сөзгө ачууланып, ал да туура эмес мамиле жасап алды. Биз баланын апасына «балаңды башкасы карап берсин, ачууга алдырба» деп түшүндүрдүк. Бирок алар баланы алып кетишти. Биздин кесиптеш карабайм дебей эле коюшу керек эле. Эки тараптан тең күнөө кетип калды. Видеодо «жарым сааттан бери күтүп отурат» деп жатат. Негизи андай көп убакыт болгон эмес», - дейт медайым К.Нуруева.

Мындагы мекемедеги дарыгерлер да кесиптешинин бейтапка жасаган мамилеси туура болбой калганын жана баланын апасынын дарыгерди коридордо элдин алдында тилдеши да ыңгайсыз жаратканын айтышты. Бул үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу 3 чоң айыл элин тейлейт.

Маалым болгондой, социалдык тармактарга тараган видеодо бейтапты кабыл албай турганын айткан дарыгер Э.А. мекемеде 8 айдан бери үй-бүлөлүк дарыгер болуп эмгектенип жаткан. Өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылган дарыгер экенин кесиптештери айтышат.

Сузак райондук П.Х.Хайватов атындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Замира Орунбаеванын айтымында, бейтапты кабыл албай койгон дарыгер тиешелүү берене менен жумушунан четтетилди.

«Үстүбүздөгү жылдын 20-декабрь күнү үй-бүлөлүк дарыгерибиздин бейтапка кылган мамилеси туура эмес болуп калды. Эл арасында да чоң талкууга алынды. Биз 21-декабрда жамаат менен профсоюздук жыйын өткөрүп, талкууга алынып, дарыгер өзүнүн кызматтык милдетин аткарбагандыгы үчүн КРнын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 6-пункту менен жумушунан алынды. Ушундай көз караштар, туура эмес мамилелер болбосун деп ҮДТнын, ФАПтын кызматкерлеринин менен жолугушууларды өткөрүп, бейтаптарга орой мамиле жасабоого чакырып жатабыз. Буга чейин мындай учур болгон эмес», - дейт ал.

Үй-бүлөлүк дарыгерден пикир алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми дене табы көтөрүлгөн баланы ата-энеси Сузак аймактык ооруканасына алып келишип, ошол эле күнү үйүнө жөнөтүлгөн.

Сузак районунда 21 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 29 ФАП бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×