Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Жалал-Абад облусуСузак району 07.12.2018 16:50 На русском

Сузакта айыл тургундары нааразычылык акцияга чогулду. Айыл өкмөттүн жообу

Turmush -  Сузак районуна караштуу Атабеков айыл аймагындагы «Бирлик» үрөнчүлүк чарбасы калкты үрөн менен камсыздабай, максаттуу жумуш жүрбөй жатат. Мындай пикирди 6-декабрда нааразычылык акциясына чыгышкан Түрк-Абад айылынын жашоочулары айтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Акцияда жашоочулар үрөнчүлүк чарбанын жерлерин элге аукцион менен өткөрүп берүүнү талап кылышып, чарбанын ишмердүүлүгүнө болгон өз нааразычылыктарын айтышты. Айыл ичине топтолгон эл 3 саатка чукул өз пикирлерин айтышкан соң тарап кетишти.

Жергиликтүүлөрдүн айтуусунда, үрөнчүлүк чарбадан бир да жашоочу үрөн алышпайт.

«Эгер үрөн болсо сурап бармакпыз. Чарба болгондон кийин үрөндү базар баасынан арзаныраак берсе алат элек. Үрөн өндүрбөстөн эле жерди бир гектарын 1 тонна пахтага берип жатат. Айылда жер иштеткен адамдар бар. Мындай жагдай мыйзам бузуучулукка жатат экен. Ушул жерди элге берсек, эл деле үрөн чарба мамлекетке төккөн акчаны төгүшөт. Биздин эл дыйканчыл. Элет элине эч кандай пайдасы тийбеген чарбанын кереги жок. Андан көрө чарбанын жери айыл өкмөткө кайтарылып, аукцион аркылуу берилсин. Биз алып иштетели», - дешти алар.

Нааразы болуп чогулгандардын айтуусунда, үрөндү үрөн сатуу менен алектенген жеке ишкерден алышат. Ал ишкер Кара-Суудан, Базар-Коргондогу үрөн чарбаларынан алып келип сатат. Эгер айылда сапаттуу үрөн болсо алар сатып алуудан качмак эмес. Андагы сүйлөгөндөр негизинен чарбанын жерин элге аукцион аркылуу берүүнү айыл өкмөттөн талап кылышты.

Ал эми нааразычылык акцияга чогулган эл менен жолугушкан Атабеков айыл аймагынын жетекчилери үрөн чарба айыл өкмөт үчүн керек экенин белгилешти.

«Түрк-Абат элине керек эмес болсо айыл өкмөткө керек. Үрөндү чыгарып эле жатат, аны моюндагыла. Айыл өкмөт үрөнчүлүк чарбаны жоё албайт, андай укукка ээ эмес. Үрөнчүлүк чарбалар Айыл чарба жана мелиорация министрлигине карайт, өкмөттүн бүтүмү менен гана чекит коюлат. Үрөнчүлүк чарбаларды колго алуу өкмөттүн негизги саясаты. Биз ага каршы чыга албайбыз», - деди айыл өкмөттүн өкүлдөрү.

«Бирлик» үрөнчүлүк чарбанын жетекчиси Сапарбек Кадыров үрөн өндүрүп жатканын, аны жалган дешсе үрөн алган жашоочулардын тизмелеринен бери көрсөтө турганын айтты.

«Биздин чарба 1998-жылы 250 гектар жер менен уюшулган. Жер кыскарып отуруп, азыр 60 гектар гана жер калды. Мага өткөнүнө көп жыл боло элек. Биздин негизги багыт кылкандуу дан эгиндердин үрөнүн чыгаруу болуп эсептелет. 80 тонна буудай үрөнүн өндүрүп, элге 50 тоннасын таратканбыз. Азыркы тапта 30 тоннасы кампада турат. 12 тонна пахта үрөнүн алышты. Менден үрөн алгандары боюнча кол коюлган документтер да турат», - деди ал.

Бул чарба жылына мамлекетке 500 миң сомдон ашуун акча төгөт. Атабеков айыл аймагында 27 миң адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×