Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Жалал-Абад облусуСузак району 20.11.2018 11:38 На русском

Сузакта күйдүргүгө шектелип ооруканага 2 адам түштү. Оорулуу малдын этин 100дөн ашык адам жеген (фото)

Turmush -  Сузак районунда күйдүргү оорусуна күмөндүү делип 2 адам ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Самидинов тастыктады.

Анын айтымында, учурда 2 адам ооруканада.

«3-ноябрь күнү Ынтымак айылынын тургуну короосундагы малын союп, 6га бөлүп тараткан. Азыркы тапта 113 адам оорулуу малдын этин жегени божомолдонууда. Учурда адистер оорулуу малдын терисин жана элге таратылган этти жыйнап, лабораторияга жиберишти», - дейт айыл өкмөт башчы Н.Самидинов.

Таш-Булак айыл өкмөтүндө 22 миң адам жашаса, Ынтымак айылында 5 миңге чукул жашоочу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×