Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 19.11.2018 15:15

Эгиздер: Жаныш менен Байыш сырын бири-бирине айтып, таарынышканда бат эле элдешип алышат (сүрөт)

Turmush -  «Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каармандары — 17 жаштагы Максат уулу Жаныш менен Байыш. Алар Сузак районунун Шатырак айылынын тургундары. Аймактык кабарчы эгиздердин бири Байыш менен таанышты.

Анын айтымында, экөөнүн бойлору, салмактары да дээрлик бирдей.

«Жаныш менден 15 мүнөткө улуу. Келбетибиз окшош, биринчи көргөндөр араң айырмалашат. Бойлорубуз, салмактарыбыз да дээрлик бирдей. Экөөбүз эки жакта жүргөндө бирибиз ооруп калсак же маанайыбыз жок, кайгырсак кадимкидей экинчибиз сезип, жаман болобуз. Бирибиз ооруп айыгарыбыз менен экинчибиз дароо ооруп калабыз. Кечинде жатканда экөөбүз дайыма бирдей убакытта уктап калабыз. Буга өзүбүз да абдан таң калабыз.

Эгизим экөөбүз аябай сырдашабыз. Эч кимге айтпаган маалыматтарды бири-бирибизге айтабыз. Кээде таарынышып калган учурлар да болот, бирок бат эле элдешип алабыз. Себеби экөөбүз бири-бирибизге дем-күч берип турабыз», - деди ал.

Бош убакта Жаныш кошумча сабак окуса, Байыш күрөш менен машыгат. Келечекте Жаныш бажы кызматында иштегиси келет. Ал эми Байыш архитектор болгууну максат кылат. Эгиздер үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×