Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Жалал-Абад облусуСузак району 16.11.2018 18:33

Сузактын жаштары менен акимиаттын өкүлдөрү жөө жүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 16-ноябрда Сузак районунун жаштары акимиаттын өкүлдөрү менен биргеликте жөө жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жаштар кеңешинин төрагасы Алмаз Дүйшөбаев билдирди.

Анын айтымында, жаштар Жалал-Абад шаарынын кире беришинен райондун борборуна чейин барышты.

«Республикада жарыяланган жаштар жумалыгынын алкагында райондо дагы жаштардын башын бириктирген түрдүү саамалыктар өтүүдө. «Жаштар жаркын келечек» урааны менен өткөн жөө жүрүшкө акимдин орун басары Төрөгелди Түркбаев баштаган бир топ кызматкерлер да катышты. Соңунда борбордук аянтта концерттик программа уюшулуп, райондун өнүгүүсүнө салым кошкон жаштар сыйланышты», - дейт А.Дүйшөбаев.

Райондо жалпы 241 198 адам жашайт. Калктын дээрлик 30%ын, тактап айтканда 70 миңден ашуунун жаштар түзөт.

Мындан 73 жыл мурун, тактап айтканда 1945-жылы Англиянын борбору Лондон шаарында 29-октябрдан 10-ноябрга чейин бүткүл дүйнөлүк жаштардын конференциясы өткөн. Ошол жылдан тартып 10-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана билим күнү деп белгиленип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×