Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Жалал-Абад облусуСузак району 14.11.2018 16:15 На русском

Сузакта 18 жашка чыга элек эки кыз бир күндө көз жарды

Turmush -  Сузак аймактык ооруканасынын төрөтканасында үстүбүздөгү жылы 26-октябрга караган түнү жашы 18ге толо элек эки кыз көз жарды. Бул тууралуу ооруканада көз жаргандар маалымдады.

Алардын айтымында, эки кыз тең 17 жашта болгон.

Ал эми райондук ооруканадан алынган маалыматка караганда, эне болгон эки кыз 2001-жылы туулган, экөө тең турмушка чыккан. Бири Сузак районунун тургуну болсо, экинчиси Өзгөн районунан Сузакка келин болуп келген.

«Көз жарган эки кыздын жана ымыркайларынын да саламаттыгы жакшы болгондуктан алар ооруканадан чыгып кетишкен. Биз милицияга кабар бергенбиз, алар териштирип, кыздардын ата-энелеринен түшүнүк каттарды алып жатышкан. Мындай учурда жаңы төрөгөн энелер укук коргоо органдарынын уруксаты менен гана төрөтканадан чыгарылат», - деп билдиришти райондук ооруканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×