Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Жалал-Абад облусуСузак району 15.10.2018 17:02 Жаңыланды: 15.10.2018 17:36 На русском

Сузакта 45 жаштагы киши өзүнө бычак сайып каза болду

Turmush -  Сузак районунда эркек киши бычактан алган оор жаракаттын кесепетинен каза болду. Маркум — Сузак районунун 1973-жылы туулган тургуну Б.К. экени такталган.

Айылдаштарынын айтымында, анын денеси 10-октябрда өзү жашап жаткан үйдөн табылды. Ал өзү көкүрөк тушуна аш бычагы менен 3-4 жолу сайып, көп өлчөмдө кан жоготкон.

Бул фактыны кийинчерээк Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап: «Сузак РИИБдин ыкчам тобу окуя болгон жерде кароо жүргүздү. Маркумдун жакындары доосу жок экенин айтышып, арыздануудан баш тартышкан. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнү да каалашкан эмес», - деп билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×