Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 15.10.2018 10:39

Акыркы суткада өлкө аймагында 7 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 7 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди бүгүн, 15-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Жалал-Абаддагы Сузак районунун Гавриловка айылындагы турак үйдө өрт чыкты. Анын кесепетинен ашкананын шыбы күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Отко этиятсыздык менен мамиле кылуу өрткө себеп болгон.

Ушундай эле себеп менен Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагындагы Ала-Бука айылында ачык аянттагы 250 түк беде күйүп кетти.

Ошондой эле акыркы суткада Бишкектеги Свердлов районунун Кайыңды көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосунда бош курулуш вагону толугу менен өрттөнгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×