Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 02.10.2018 12:33 На русском

Прокурордун жардамчысымын деген адам 8 баш мал уурдап баратканда кармалды (фото)

Turmush -  Сузак районунун аймагынан өтүүчү Ош—Бишкек унаа жолунда ушул жылдын 23-сентябрында Кайгуул күзөт кызматкерлери тарабынан мал уурулуктун бети ачылды.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 1984-жылы туулган тургуну С.Мирлан өзүнүн «Мерседес-Бенц Гигант» үлгүсүндөгү унаасында жанындагы шериги — Кызыл-Кыя шаарынын 1982-жылы туулган тургуну С.Турарбек менен 22-сентябрь түнү Баткен облусунун Үч-Коргон айылынан талаадан 8 баш мал (6 уй, 2 торпок) уурдашкан.

Малды таң эрте Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук борбордук мал базарына сатуу максатында алып келишип, бирок кечигип келгендиктен сата албай калышкан. Андан соң Өзгөн районундагы мал базарга жөнөшүп, Сузак районунун аймагында тыныгуу үчүн токтошкон учурда Сузак райондук Кайгуул күзөт кызматкерлери шектүү катары текшерүү жүргүзгөн.

Алардын айтымында, кылмышка шектүү 2 жарандын бири Кайгуул күзөт кызматкерлерине өзүн Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасында прокурордун коомдук жардамчысы болуп иштегенин айтып, 2015-жылы мөөнөтү бүткөн эски күбөлүгүн көрсөтүп, кое берүүсүн талап кылган.

«Унаанын ичиндеги малдардын тиешелүү документтери жок болуп чыгып, кошумча бир катар шектүү белгилерди байкашып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Териштирүү учурунда күбөлүк көрсөткөн шектүү жаран прокуратура тармагында иштебестиги жана мал Баткен облусунда уурдалгандыгы аныкталып, кылмышка шектүү 2 адам Баткен ОИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми уурдалган мал ээлерине кайтарылды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×