Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 27.09.2018 12:28

Сузакта жер титирөөдөн улам мектепте өрт чыккан учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу иш-чарасы өттү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 26-сентябрда кырсыктардын тобокелин азайтуу айлыгынын алкагында табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктардын алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага ӨКМдин Сузак районундагы бөлүмү, райондук жарандык коргонуу кызматтары, мектеп окуучулары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Машыгуунун мерчемине ылайык, Сузак районунун Сузак айылында жер титиреп, Дом-Ата орто мектебинде өрт чыккандыгы тууралуу «Айгай» сигналы берилип, окуучулар жана мугалимдер куткаруу планы боюнча сыртка чыгышты. Алар коопсуз деп эсептелген аймакка чогулушту.

Өрт болгон аймакка атайын мобилдик өрткө каршы куткаруу тобунун жана жарандык коргонуу кызматтары өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана жабырлануучуларга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча иш аракеттерди практикалык түрдө көрсөтүп беришти.

Жер титирөөдөн улам мектеп ичинде өрт кырсыгы катталып, жалпы 1 мугалим, 4 окуучу кырсыкка кабылып, андагы адамдар куткаруучулар тарабынан куткарылды.

Ошондой эле №2 Дом-Ата атындагы орто мектебинин окуучуларынын арасында өрт кырсыгынан сактануу боюнча сүрөт сынагы уюштурулуп, жогорку деңгээлде тартылган сүрөттөргө Кызыл Ай коому тарабынан белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×