Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 26.09.2018 09:15 На русском

Сузакта турак үй жана сарай өрттөндү (сүрөт)

Turmush -  Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Чөкө-Дөбө айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Өрт тууралуу маалымат кечээ, 25-сентябрда саат 15:30да келип түшкөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө Жалал-Абад шаардык №20 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 бөлүм жана ӨКМдин Сузак райондук №65 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, жалпы 4 бөлүм тартылган.

Өрттүн кесепетинен турак үйдүн 5 чарчы метр чатыры, сарайдын 410 метр чатыры, 5 тонна буудай, 1800 түк саман жана 1200 түк чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×