Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 25.09.2018 10:18 На русском

Сузакта 3 кыз изделүүдө: Бири тойго кеткен, экөө үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Багыш айылынын 1997-жылы туулган тургуну Халматова Шахсанам ушул жылдын 8-сентябрында үйүнөн кошунасынын үйүнө тойго чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Аталган окуя боюнча материал Сузак РИИБдин кылмыш каттоо китепчесине катталып, териштирүү иши жүрүүдө.

Белгилери: Бою болжол менен 160-165 см, өңү ак жүздүү, чачы, көзү кара, бети тоголок.

Кийген кийимдери: башында атлас жоолук, атлас көйнөк, бутунда ак түстөгү бут кийим.

Мындан тышкары, Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн Чаңгет-Сай айылынын 1969-жылы туулган тургуну Халидо Дыйканова милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2015-жылы сентябрь айында кызы Төрөгелдиева Разия үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугун билдирген.

Белгилери: Бою 1,45-1,50 см, ак жүздүү, арыкчырай, чачы кыска кара түстө, көзү кара.

Өзгөчө белгилери: Бетинде сепкили бар.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү куртка, көк түстөгү жинсы шым, бутунда көлөш кийип жүргөн.

Ошондой эле Багыш айыл аймагынын Октябрь айылынын тургуну Жумабаев Абдурашит милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ушул жылдын 13-майында үйүнөн 1988-жылы туулган, 1-топтогу майып кызы Жумабаев Венера көчөгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугун билдирген.

Белгилери: Бою 160-165 см, кара тору, орто дене түзүлүштө, чачы кара, желкесине чейин кыркылган.

Кийген кийимдери: үстүндө көк түстөгү куртка, кара түстөгү водолазка, кара түстөгү спорттук шым, бутунда кызыл түстөгү байпак, көк түстөгү бут кийим.

Милиция жогорудагы жарандарды көргөн-билгендер болсо Сузак РИИБге кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш телефондор: 0(3748) 5-09-02, 077460-60-02.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×