Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 24.09.2018 18:21 На русском

Сузактык Г.Ботобаева эки баласы менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда

Turmush -  Сузак районуна караштуу Благовещенко айылынын 31 жаштагы тургуну Ботобаева Гүлнур 8 жана 5 жаштагы балдары менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу анын атасы Ботобаева Калдарбай милицияга кабарлаган. Учурда милиция анын кызы жана неберлерине издөө жарыялады.

Маалыматка караганда, Г.Ботобаева балдары менен үйдөн ушул жылдын 18-августунда чыгып кеткен. Анын уулу Умар айылдагы №22 мектепте 2-класста билим алмак. 2013-жылы туулган уулунун ысымы Ясин. Ал үйүндөгүлөргө эч нерсе айтпастан чыгып кеткен, ошол бойдон үйүнө кайта элек.

Белгилери: Бою 155-160 см, өңү кара тору, чачы кара түстө, көзү кара, кашы кара, дене түзүлүшү орто.

8 жаштагы баласынын бою болжол менен 90-105 сантиметр. Ак жүздүү, чачы сары, мурду кырдач.

Кийген кийимдери: үстүндө кара түстөгү жеңи узун көйнөк, бутунда кара түстөгү туфли болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×