Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 20.09.2018 16:10

Тажикстандык дыйкандар тажрыйба алмашуу үчүн Жалал-Абадга келишти (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы пахта өстүргөн дыйкандарга Тажикстандан Музаффар Ахмедов жетектеген 20 адамдан турган делегация 2 күндүк тажрыйба алмашууга келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Делегацияны Жалал-Абад шаарынан «Кыргызстандагы суунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу» долбоорунун жетекчиси Исмаил Арапов, Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматынын жетекчиси Сыргабек Жойболотов, «Био-Сервис» коомдук фондунун жетекчиси Гүлзада Кудайбердиева жана Био-фермер коопертивинин башчысы Нурбек Канназаровдор тосуп алышты. Аларга алгач аталган ишканалар жөнүндө жана аткарылып жаткан долбоорлор боюнча маалымат берилди.

Биринчи күнү алар Сузак районуна караштуу Благовещенка айылындагы «Юнусов» үрөнчүлүк чарба менен таанышып чыгышты. Ал эми 2-күнү Базар-Коргон жана Ноокен районундагы дыйкандардын пахта өстүргөн талааларында болушту. Жергиликтүү пахта өстүргөн дыйкандар менен пахтаны өстүрүү жана сугаруу, түшүмдүүлүгү жогору сорттор тууралуу талкуулашты. Алсак, көпчүлүк дыйкандар пахтанын «Кыргыз-5», «АН-35» сортторун өстүрүшөт.

Дыйкандар Кыргызстан менен Тажикстанда сугат суунун айырмачылыгы чоң экенин, Тажикстанда сугат суунун бир литрине акча төлөнөрү айтылды.

ВАПРО долбоору Азия регионунда Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан жана Индияда күрүч жана пахтаны өстүрүүдө сууну натыйжалуу пайдаланууга даректелген долбоор. Анын алкагында 2016-жылдан баштап Базар-Коргон, Ноокен районундагы пахта өстүргөн фермерлер менен иш жүргүзүлөт.

Буга чейин Жалал-Абад облусунан 15 адамдан турган делегация Тажикстанда болуп келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×