Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 20.09.2018 08:00

Айыл турмушу: Сузактык үй-бүлө картошка жыйноо убагында талаада жашашат (фото)

Turmush -  Сузак районунун тургуну Кишим Өмүралиева быйыл 80 сотых жерден 5 тоннага жакын түшүм алды. Элеттик дыйкан менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, картошка эгүү, өстүрүү, түшүмүн жыйноо үчүн жалпы 100 миң сомдой каражат сарптаган.

«Көп жылдардан бери Жаз-Кечүү айылындагы 80 сотых жерге картошка эгип, түшүмүн сатып, түшкөн пайдасын муктаждыктарга жумшайбыз. Буга чейин жолдошум экөөбүз такай тоо боорундагы Жаз-Кечүү айылына келип, дыйканчылык кылчубуз. Жолдошум каза болуп калып, акыркы 3 жылдан бери дыйканчылык кылбай калдык эле. Быйыл уулдарым менен бирге дыйканчылыкты кайрадан баштадык. Апрель айынын соңунда 80 сотых жерге 70 кг картошка эккем. Эгин эгүүнүн да түйшүгү бар, анын чабыгы, ар кандай ооруларга каршы дары себүү жумуштары болот», - дейт ал.

Анын айтымында, түшүм жыйноо сезону башталганда алар чатыр тигип, таалада жашашат.

«Жайы менен мээнет кылып, күзүндө түшүмдү чогултуу учурунда үй-бүлөбүз менен талаага чатыр тигип, ушул жерде жатып иштейбиз. Балдарым картошканы казып берет, мен болсо кыздарым менен аны терип, каптарга салып, базарга даярдайбыз. Сорттогон учурда дагы аны үчкө бөлөбүз, чоңдорун 25 сомдон, орточолорун 15 сомдон, ал эми кичинекейлерин 10 сомдон сатабыз. Учурда базарда картошканын баасы дүңүнөн 22 сомдон болуп жатыптыр, азырынча 3 тоннадай картошка казып, сатууга даярдап койдук, калганын кышында сатабыз. Мындан түшкөн кирешени неберелеримдин билим алуусуна (жогорку окуу жайдагы келишим акы) жумшайбыз», - дейт ал.

Жашы 80ге таяп калган К.Өмүралиеванын 3 уулу жана 2 кызы бар. Тун уулу атасынын жолун жолдоп картошка эксе, ортончу уулу элдин малын жыйнап жайлоого чыккан. Ал эми кичүүсү ижарага жаңгак токоюн алып, жаңгак терип жатканын, быйыл жаңгактын мөмөсү жылдагыдан аз болгонун, буга эрте жазда кар жааганы себеп болгонун кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×