Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 17.09.2018 17:13 На русском

Сузакта тендердин айынан 500дөн ашуун окуучу мектепке бара элек

Turmush -  Сузак районуна караштуу Курманбек айыл аймагынын Жоон-Күнгөй айылындагы Таштемир Кочкоров атындагы №28 орто мектептин окуучулары сабакка бара элек. Анткени аталган мектептин имаратынын капиталдык оңдоп-түзөө иши тендерден улам бир айга кеч башталган. Учурда оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү жашоочулар билдиришти.

Маалым болгондой, мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн үстүбүздөгү жылдын июль айында тендер жарыяланып, «Ясын Курулуш» ЖЧКсы утуп алган. Бирок тендердин өтүүсүнө нааразы болгон тараптын арыздануусунан улам жумуш бир айга кеч башталган. Тактап айтканда, август айынан башынан оңдоо жумушу башталган.

Аталган компаниянын өкүлү Замирбек Эргешовдун айтымында, тендерден алар 23 млн 700 миң сомго утуп алган.

«Жумуш башталганына 40 күн толук болду. Бул аралыкка тиешелүү болгон жумуштар жүрүп жатат, азыр имараттын ички оңдоосун дээрлик бүтүп калдык, кафелдери төшөлүүдө. Он күн ичинде толугу менен бүткөрүлүп пайдаланууга беребиз. Сыртын окуучулардын коопсуздугун эске алуу менен ишибизди уланта беребиз. 30 жумушчу иштеп жатат. Тендерге байланыштуу бир аз кеч башталып калды. Биз өз мөөнөтүндө жумуш жүргүзүүдөбүз», - деп билдирди.

Ал эми мектеп жетекчилиги 20-сентябрда окуу башталаарын айтууда. Алардын ырастоолорунда, балдарга билим берилбей калган күндөрдү күзгү жана кышкы эс алууларда сабак берип, программага жетише алышат. Мектеп имараты 320 окуучуга ылайыкташкан, учурда 560 окуучу билим алат.

Жергиликтүүлөр балдарынын окуусу кечеңдеп жатканына кабатыр болушууда.

Айрым тургундардын маалыматына караганда, дагы 10-15 күндөн кийин жаңгак сезону башталса, билим уясына барчу балдардын саны азайышы мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×