Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 08.09.2018 14:06 На русском

Жалал-Абад—Сузак—Кара-Дарыя жолу 48 жылдан кийин кайрадан асфальтталып жатат (сүрөт)

Turmush -   Жалал-АбадСузакКара-Дарыя жолунун 2 чакырымдан ашуун тилкесине асфальт төшөө иштери башталды. №22 жол тейлөө ишканасынын башчысы Рашид Курбановдун айтымында, жолго асфальт төшөөгө 22 жумушчу чыгып, 11 техника пайдаланылып жатат.

«Аталган унаа жолдун абалы начарлап, унаа каттамына, жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздыктар жаралып келген. Учурда Ырыс айыл аймагына караштуу 1 чакырым 400 метр тилкени жана Сузак айыл аймагындагы 1 чакырым жолду толук асфальттап жатышат. Буга байланыштуу саат 08:00дөн тарта 15:00гө чейин каттам убактылуу жабылат.

Оңдоо иштерине республикалык бюджеттин эсебинен 12 миллион 200 миң сом каражат бөлүнгөн. Ошондой эле балдар мектепке каттаган жолго атайын белгилер да орнотулат», - деди Р.Курбанов.

Жалал-АбадСузакКара-Дарыя жолу акыркы ирет 1970-жылы асфальтталган. Андан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп турган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×