Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 06.09.2018 13:31

Жалал-Абадда дагы бир жол тескөөчүнү унаа сүзүп кетти. Ага экинчи операция жасалат

Turmush -  Сузак районунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерин унаа сүзүп, айдоочу качып кетти. Ал окуя болгон күнү эле табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин аймактык кабарчы булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Кармалган айдоочуга карата кылмыш иш козголуп, ал эми тескөөчү — 1987-жылы туулган А.Э. Сузак аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал андан кийин Жалал-Абад облустук оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө которулган.

Аталган ооруканадан кызматкердин абалы орто туруктуу экенин билдиришти. Буга чейин ага операция жасалган, эми ал экинчи операцияга даярдалууда.

«Кызматкер бөлмөгө которулган, дары-дармектер берилип, көзөмөлдөнүп жатат. Анын баш мээси чайкалып, жаак сөөгү сынган. Абалы орто», - деп билдиришти ооруканадан.

Кийинчерээк Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кырсык 2-сентябрга караган түнү саат 23:00 чамасында болгонун билдирди. Сузак РИИБдин ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын кенже сержанты, 1987-жылы туулган А.Э. Сузак айылынын Мадумар-Ата көчөсү аркылуу өткөн Жалал-Абад—Сузак унаа жолунун 4-чакырымында кызматтык милдеттерин аткарып жатканда «Дэу Нубира» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетип, айдоочу окуя болгон жерден из жашырган. Ал эми Э.А. Сузак райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБдин, Сузак РИИБдин тергөө ыкчам тобу жана жетекчилиги барып, материалдар топтолуп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн.

«Аталган жол кырсыгы боюнча "Тосмо" иш планы киргизилип, тиешелүү жактарга багыттамалар берилип, ОИИБдин жана Сузак РИИБдин өздүк курамы тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Сузак районунун Сузак айылынын тургуну, аталган унаанын ээси — 1996-жылы туулган А.А. кармалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексиндеги 281-берененин (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) 5-бөлүгүнүн (Транспорт каражатын башкаруучу адамдын жол транспорт кырсыгы болгон жерди таштап кетүүсүнүн натыйжасында жол кыймылынын катышуучуларынын саламаттыгына оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 2 айга камакка алынды», - деп айтылат маалыматта.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Айдоочу кырсык учурунда мас болбогону аныкталды. Ал өз көрсөтмөсүндө катуу ылдамдыкта келе жатып, тескөөчүнү кокустан сүзүп алып, коркуп, из жашырганын билдирген.

Буга чейин Жалал-Абад шаарында жол инспекторун сүзүп кеткен мас абалдагы айдоочу кармалып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, 9-августта саат 11:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсү менен Чехов көчөлөрүнүн кесилишинде Жалал-Абад ШИИБдин ЖКККнын инспектору, милициянын старшинасы А.А. кызмат өтөп жаткан. Ал жол эрежесин бузган айдоочуну токтоткон учурда аны сүзүп, өзү качып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×