Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 06.09.2018 11:29

Сузакта чөп өрттөнүп, автоунаанын салону кошо күйдү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 28 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 30 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 6-сентябрда.

Жалал-Абаддагы Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Жар-Кыштак айылында турак үйдүн короосунда өрт чыгып, 1000 түк чөп күйүп кетти. Өрттүн кесепетинен «Хендай Портер» унаасынын салону кошо өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок.

Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×