Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 20.08.2018 15:20 Жаңыланды: 20.08.2018 18:05

«Жеңеке»: Ата-энесинин каршылыгына карабай түндүктөн түштүккө келин болгон К.Тукеева чек арада кызмат кылган (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы 49 жаштагы Керезбүбү Тукеева. Ал Жумгал районунун Байзак айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Бишкектеги финансы-экономикалык техникумду аяктап, бухгалтер кесибине ээ болгон. Кийин Сузак районунун Кара-Дарья айылынын 1965-жылы туулган тургуну Жапар Шайиевге турмушка чыккан. Жолдошу кесиби боюнча байланышчы, банкир жана юрист. Учурда аскер кызматынын пенсионери жана жеке ишкер.

К.Тукееванын айтымында, алар ата-энелеринин каршылыгына карабай баш кошушкан.

«Мен 2-курстта окуп жүргөндө турмушка чыктым. Экөөбүз бир окуу жайда окучубуз. Алгач таанышканда ал мени жактырып калганын дароо эле айткан. Жылуу мамилебиз менен кийин үй-бүлө курдук. Ал маалда түндүк-түштүк деген маселе өтө курч эле. Ата-энелерибиз биздин баш кошуубузга өтө каршы болушкан. Алардын каршылыгына карабай, комсомолдук той өткөрүп үйлөнгөнбүз. Ата-энелерибиз акыры макул болушкан. Ал маалда студенттердин баары комсомол болгондуктан «комсомолдук той» деп айтылчу», - деди ал.

К.Тукеева келиндик доордогу кызыктуу окуяларын да айтып берди.

«Оюн десе оюнга, күлкү десе күлкүгө тойбой турган маалда келин болуп келдим. Бир жолу Жапар экөөбүз суу чачышып ойноп жатып кайнатамды көрбөй калган экенмин. Чакадагы сууну чачып ийсем, суу кайнатама төгүлүп калган. Эки күн кайнатама көрүнбөй качып жүргөм.

Ошондой эле тамак жасайм деп очокко от жагып, казанга май куюп коюп кайним экөөбүз ойноп кетип, аны унутуп калыптырбыз. Ошондо ашкана өрттөнүп кеткен эле. Ошол окуяны азыр кайним экөөбүз күлүп эстеп калабыз», - дейт ал.

Ал белгилегендей, жолдошу чек арада эмгектенип, пенсияга чыккан.

«Жолдошум чек ара кызматында көп жыл эмгектенди. Мен дагы чек ара кызматында 18 жыл каржы кызматкери болуп иштедим. Эр жигит мекен чегинде деген менимче чек арачыларга тиешелүү болсо керек деп ойлойм. Мекен чегин коргоо менен үй-бүлө, тууган-урук, кошуна-колоң баарын коргошот. Дайыма кызматта жана Кыргызстандын кайсы жерине жиберсе ошол жерде кызмат кылышат. Биз дагы жолдошумдун жумушуна байланыштуу Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарында үй-бүлөбүз менен жүрдүк.

Келечекте балдарымды өз ордуналарын табуусуна түрткү болуп, небере-чөбөрө көрсөк дейм», - деди ал.

Ал эки уул, бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×