Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 17.08.2018 13:09 Жаңыланды: 17.08.2018 15:12 На русском

Өзбекстандын жараны 2,5 миң долларга кыргыз паспортун жасатып алганы аныкталды (фото)

Turmush -  Сузак районунда РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан кыргыз паспортун колдонуп жүргөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын ага инспектору Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 1-январында Өзбекстан Республикасынын жараны — 1991-жылы туулган М.А.К. паспорт алуу максатында мыйзамсыз Сузак райондук паспорт бөлүмүндө иштеген А. (аял киши) аттуу жаранга 2,5 миң доллар берип, 1991-жылы туулган Ж.С.Б. аттуу бөлөк ысым менен Кыргыз Республикасынын жараны тууралуу паспортторду (ID-карт жана чет өлкөдө колдонуучу эски үлгүдөгү көк паспорт) жасатып, колдонуп жүргѳндүгү аныкталган.

«Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мүлктөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, паспорт ээси — Өзбекстандын жараны М.А.К. Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аны менен бирге паспорт берген тарап боюнча да тергөө амалдары жүргүзүлө баштады», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×