Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 15.08.2018 17:13

Айыл турмушу: Жети облустун элин бөлүнбөөгө чакырган Мадинанын кол эмгектери (фото)

Turmush -  Сузак районунда жашаган окуучу Мадина Аширбекова мончок жана ар түстүү жиптерден кооз буюмдарды жасоо менен алектенет. Элеттик жаш кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мындай буюмдарды жасоону эжесинен үйрөнгөн.

«Мындай буюмдарды жасоону 6-классымдан баштап өздөштүрүп алгам. Жаңы баштаган учурда өзүмдүн бир тууган эжемден токуганды үйрөнүп, кийин ар кандай кийимдерди токуп жүрдүм.

Сабактан кийинки бош убактымда токуп жүрүп, мыкты өздөштүрүп алдым. Айрым учурда ата-энемден акча алып, түстүү жиптерди сатып алам. Ал эми токуган буюмдарды тааныштарыма, дос-туугандарга белекке берчүмүн. Азыр аларды чогултуп, түрдүү сынактарга катышам», - дейт Мадина.

Ал өзү жасаган эмгектери менен райондук, облустук деңгээлдеги сынактардан байгелүү орундарды алганын кошумчалады.

«Бир буюмду жасоого көп убакыт, мээнет кетет. Мен көбүнчө жасаган буюмдарым менен райондор аралык сынактарга, облустук деңгээлдеги иш-чараларга катышып, байгелүү орундарга ээ болдум. Жасаган эмгектеримдин ичинен тактайга мыктарды кагып, өлкөбүздүн картасын түшүрүп, ар бир облусту өзүнчө түстүү жип менен ороп чыккан эмгегим жагат. Мен бул эмгегимди ар бир облустун эли бир өлкөдө жашагандыктан ич ара бөлүнбөй, алардын мамилелери мына ушул чырмашкан жиптей болуп, ынтымакта болсун деген максатта жасагам», - дейт ал.

М.Аширбекова мектепти аяктаган соң дизайнер болууну пландап жатат. Ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×