Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 14.08.2018 20:05 Жаңыланды: 14.08.2018 21:48 На русском

Сузакта ишкер таанышын өлтүрүп, жалган кат жазып таштап кеткен адам кармалды

Turmush -  5-июлда Сузак районунда акча алмаштыруучу жайда иштеген адамды өлтүрүүгө шектүү киши 12-июлда кармалды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-август күнү саат 14:15 чамасында Сузак РИИБдин нѳѳмѳт бѳлүмүнѳ Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу Мазар-Булак айылынан чакыруу келип түшкѳн. Иликтөө учурунда өлтүрүлгөн адам Жалал-Абад шаарынын Мадаминов кѳчѳсүнүн 1967-жылы туулган тургуну А.Ж. экени такталган. Ал өзүнүн күрѳң түстөгү «Тойота-Аурис» үлгүсүндѳгү унаасынан табылган. Аны унаасында жүргүнчү катары келе жаткан таанышы Сузак районунун Миң-Ѳрүк айылындагы кирпич чыгаруучу заводдун алдына жеткенде учтуу буюм менен кѳкүрѳгүнө жана далысына 3 жолу сайып, өзү качып кеткен. Анын кесепетинен А.Ж. денесинен алган жаракаты менен Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бѳлүмүнѳ жаткырылып, бирок алган жаракатынын оордугунан улам ооруканада каза болгон.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда автоунаанын ичинен баракка жазылган кат алынган. Каттын ичиндеги жазуу «бирөөнүн жубайы менен жүрсөң, мамиле кылсаң ушундай болосуң» деген мааниде болгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектелип Россиянын 1982-жылы туулган тургуну Ш.М. Жалал-Абад облусунун аймагында жашырынып жүргөн жеринен кармалып, камакка алынды. Шектүү убактылуу Сузак районунун Жар-Кыштак айылында жашап жүргөнү такталды.

Каза болгон А.Ж. Жалал-Абадда акча алмаштыруучу жайда иштеген. Ал 5-июль күнү Кара-Суу базарынан кайтып келе жатып кылмышка шектүү Ш.М.ны жүргүнчү катары алып, унаасында бирге келе жаткан. Шектүү өлтүрүлгөн адам менен тааныш болгонун билдирген. Анын бул кылмышка маркумдун акчасын алуу максатында барышы мүмкүн экени такталууда. Ал эми катты жөн гана кылмыш изин башка нукка буруу максатында жазганы ачыкталды. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×