Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 11.08.2018 17:02

Сузакта колдоого муктаж 123 үй-бүлөгө күнөскана курулуп берилди (сүрөт)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагында жөлөк пул алган 123 үй-бүлөгө акысыз күнөскана курулуп берилди. Бул тууралуу журналисттер менен жолугушуу учурунда аталган айыл аймактын жетекчилиги билдирди.

Маалым болгондой, акысыз күнөскана куруп берүү айыл аймакта алгачкы жолу орун алды.

«БУУнун азык-түлүк программасынын алкагында жөлөк пул алган колдоого муктаж үй-бүлөлөр тандалып алып, анын ичинен 123 үй-бүлөгө күнөскана курулуп берилсе, 27 кожолукка парниктер берилди. Алар үчүн атайын окуу уюштурулуп, талаа күнүнө катышышты. Айрымдары күнөсканаларды иштетип, жашылчалары түшүмдүү болууда. Ал эми айрымдарынын жашылчалары куурап калып, экинчи жолу эгилди. Күнөсканалар үй-бүлөлүк кирешеге жакшы колдоо болду», - дешти айыл өкмөттүн кызматкерлери.

Багыш айыл аймагынын курамына 7 айыл кирип, калкынын саны 21 миңден ашат. Ал эми жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 600дөн ашса, 370 кожолук жөлөк пул алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×