Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 09.08.2018 09:10 Жаңыланды: 09.08.2018 18:15 На русском

Баатыр ата: Жалгыз уул Манас Эшатовдун жубайы 35 жашында онунчу баласын төрөдү (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун тургундары — 36 жаштагы Сапаргүл Койчуева менен 38 жаштагы Манас Эшатов түтүн булатып чогуу жашаганына 19 жыл болду. Бул жылдар аралыгында алар 6 уул, 4 кыздын ата-энеси болушту. Учурда жубайлардын эң кичүү баласы 1,5 жашта.

Баатыр ата-эне он баланын ар биринин өзгөчө орду бар экенин аймактык кабарчы менен болгон маегинде белгилешти. Ал эми үй-бүлөнүн түйшүгүн мойнуна алган Манас Эшатов көп балалуу болгусу келгенин балага жакын болгону менен түшүндүрдү.

«Биз жубайым менен 1999-жылы баш кошконбуз. Өзүм жалгыз уул болгондуктан зерикчүмүн. Туугандарым балдары менен келишкенде сүйүнүп, тополоң кылып ойносок эжем урушат эле. 8-9-класста окуп жатканда чоң сарайыбыз бар эле. Апама “мен ушул сарайды үй кылам, 15 балалуу болом” дегеним эсимде.

Балдарым ызы-чуу кылса урушпайм дечүмүн. Үй куруп жатканда да атайын балдарды ойлоп, бир чоң бөлмөнү балдар секирип ойносо түшүп кетпесин деп монолит менен куйдургам. Аялым мага 17 жашында турмушка чыккан. Алгачкы балабыз курсагынан 5 айлык кезде чарчап калганда, жубайым көпкө чейин ыйлап жүрдү. Бул менден өткөн баласаак го деп коём. Кийин катары менен балалуу болуп, ал күндөр унутулуп кетти», - деди Манас Эшатов.

Балдары үчүн баарына даярмын деген ата кызын күлдүрө албай ыйлаганын да эскерди.

«Тогузунчу кызым төрөлгөндө тамагы кырылдап ооруп калды. 1 жашка чыкканда катуу ооруп, ооруканага жаткырдык. Барсам кызым дем алдыруучу аппаратта жатат, ошол түтүктөн чыккан үндүн дабышы төмөндөп кетсе ыйлап жибергем. Күнү-түнү кудайга жалынып уктабайт элем. Күлдүрсөк да, оюнчук алып барсам да күлбөйт. Бир күнү аялым кызымдын күлүп түшкөн сүрөтүн жибериптир. Анын күлгөнүн көрүп алып, эч кимге көрүнбөй ыйлагам. Баласаак экенимди билишет», - деди ал.

Ал эми уулун инисинин ити тиштеп алганда иниси коркконунан итин өлтүрүп, өзү бекинип калган.

«Балам тентек болчу, инимдин итинин жонуна минип алыптыр. Ит баламдын далысынан сөөгүн көрсөтө тиштептир. Шаарда иште жүргөн жеримден айылга кантип келип калганымды билбейм. Келсем иним да жок, ити да жок. Менин баласаак экенимди билип, итин өлтүрүп, өзү качып кетиптир», - деп эскерди.

Ал эми жубайы балдардын ызы-чуусунда дагы уктап, эс ала берет.

«Аялымды дарыгерлер көп төрөгөн сайын көзүңдүн көрүүсүнө таасир берет, өзүңдү этиятта дешет. Ал болсо баланы сүйөт. Конокко барсак да балдарын ойлой берет. Алардын ызы-чуусунда тынч уктайт. Жайлоодогу тиричиликтин түйшүгү менен он баланы чоңойтту. Бирок жубайым "Баатыр эне" наамын ала элек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×