Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 02.08.2018 13:38

Милиционерлер Барпы аймактык милиция бөлүмчөсүн өздөрү куруп жатышат (фото)

Turmush -  Сузак районунун Барпы аймактык милиция бөлүмчөсү ашар жолу менен курулууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүү милициянын маалыматына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, аталган аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жеке имараты жок болгондуктан, алар айыл өкмөттүн балансындагы жайда иш алып барып келишкен. Мындан улам имарат куруу демилгеси көтөрүлүп, Барпы айыл аймагынын Миң-Өрүк айылында имараттын курулушу ашар ыкмасы менен башталды. Учурда аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жана Сузак РИИБдин өздүк курамынын аракети менен курулуш кызуу жүрүп жатат.

«Жалал-Абад ОИИБдин да колдоосу жумушту тездетүүдө. 1-августта Сузак РИИБдин өздүк курамы, жетекчилиги баш болуп ашар ыкмасы менен имараттын чатырын жабууга катышты. Күз мезгилине бүтүрүү аракети көрүлүүдө. Имараттын аянты 402,75 чарчы метрди түзүп, 18 бөлмөдөн турат. Бул бөлүмчө 28 миң калкты тейлейт», - деп билдиришти милициядан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×