Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 31.07.2018 15:57

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Бечеловдун ишин облустук сот карайт

Turmush -  Жалал-Абад облустук сотунда 1-августта Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бечелов кызматтан экинчи жолу алынышы боюнча иш каралат. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, доогер А.Бечелов Сузак райондук сотуна жоопкер КРнын Билим берүү жана илим министрлигине карата 2018-жылдын 6-мартындагы №36/4 буйрукту жокко чыгарып, жумуш ордун калыбына келтирүү жөнүндөгү доо-арыз менен кайрылган.

«Сузак райондук сотунун 2018-жылдын 11-июнундагы чечими менен доогер А.Бечеловдун доо-арызы канааттандырылып, Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 6-мартындагы №36/4 буйругу жокко чыгарылып, доогер А.Бечелов Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына жумушка кайрадан орноштурулган. Соттун чечими менен макул болбой, министрликтин өкүлү Б.А.И. облустук сотко апелляциялык даттануу келтирген.

Жалал-Абад облустук сотунун өндүрүшүнө иш 23-июлда келип түшүп, ишти кароо 1-августка саат 14:00гө дайындалган», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, доогер Сузак райондук сотуна кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 11-июнь күнү сот өз чечимин чыгарган.

Алмаз Бечелов 2014-жылы дал ушул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына өткөн сынакка катышып, белгилүү упайды топтой алган. Анын негизинде министрлик тарабынан билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Бирок ошол кездеги район акими Нурболот Мирзахмедов министрлик райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын дайындоодо район жетекчилиги менен макулдашуу болбогондугун билдирип, кызматка келүүсүнө макулдук берген эмес.

Мындан улам министрлик Бечелов боюнча чыгарган буйругун кайтарып алган. Бул абалга нааразы болгон Бечелов министрлик менен соттошууну баштаган. 3 жылдай министрлик менен соттошкон бөлүм башчы 2017-жылы март айында Жогорку соттон министрликти утуп, кызматы кайтарылган. Ал 2017-жылдын апрель айынан тарта ал бөлүм башчылык кызматты аркалап келе жаткан. Бир жылдан соң кайрадан кызматынан бошоп, экинчи жолу министрликти сотко берген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×