Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 31.07.2018 11:30 Жаңыланды: 31.07.2018 17:01

Айыл турмушу: Россияда эрежесиз эр уруш, самбо боюнча чемпион болгон Алмаз айылындагы жаштарды машыктырууда (фото, видео)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Жаңы-Дыйкан айылынын 27 жаштагы тургуну Алмаз Сариев эрежесиз эр уруш жана самбо боюнча жаш спортчуларды тарбиялоодо. Машыктыруучу менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, айылда спорт зал ачууга айыл өкмөт жана Россиядагы мекендештер көмөк көрсөтүшкөн.

«Мен 2014-жылдан бери эрежесиз эр уруш жана самбо боюнча машыгып келем. Ошол убакта Россияда иштечүмүн, жумуштан сырткары бош убакта спорт залда машыгып жүрүп, кийин өз күчүмдү рингде сынап баштадым. Ошентип, 2016-жылы эрежесиз эр уруш жана самбо боюнча күч сынашып, экөөнөн тең Россияда чемпион болгом. Ошондон тарта машыгууларды калтырбай, бир топ ийгиликтерди жараттым. Спортчу болуп жүрүп, кийин айылыма келдим. Айылда дагы спорт менен машыгууга ынтызар болгон жаш балдар көп экенин көрүп, аларды машыктырууну чечтим. Элетте спорт зал жок болгондугуна байланыштуу аларды алгач сарайда эле машыктырып жүрдүм.

Кийинчерээк айыл өкмөткө кайрылсам өзүбүздүн айылдагы кароосуз калган, эскилиги жеткен имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берди. Айыл өкмөттүн жасап жаткан аракеттерин көргөн мигранттар спорт залдын ичине керектелүүчү мат, ринг, кап жана машыгуучу жабдыктарды алып берип, жалпы 300 миң сомго жакын колдоо көрсөтүштү. Cпорт залды иштетип жатканыма 1 жыл болду, учурда алтымышка жакын шакирттерим бар», - дейт машыктыруучу.

Мындан сырткары, ал самбого кызыккан жаштардын арасында кыздар да бар экенин кошумчалады.

«Эртең менен турганда көнүгүүлөрдү жасап, анан залга келем. Биздин айыл тоонун арасында болгондуктан, балдарды адырга чуркатам. Жаңыдан машыгып жаткан учурда көпчүлүк балдар кыйналып жүрүштү, ал эми азыр такшалып калышты. Тоого чуркоо балдардын чапчаң болушуна жана ар кандай соккуга туруштук беришине жардам берет. Мындай кыйынчылыктар, рингде өз жемишин берет. Андан кийин балдар бири-бири менен эркин күрөшүп, машыгууну улантышат.

Учурда жаштар арасында спорттун самбо түрүнө кызыгып, машыккандар көп, эми алардын катарын кыздар да толуктоодо. Биз дагы жигиттерди машыктырып, мыкты спортчу чыгуусуна аракет кылып жатабыз», - дейт А.Сариев.

Мындан сырткары, ал Россияда машыгуучу зал ачууну пландап жатканын кошумчалады.

Алмаз үй-бүлөдө 5 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×